Ысык-Көл облустук башкармалыгы учурда суу менен камсыздоо жана канализация боюнча тарифтерди (бааларды) карап жатат
04.06.2024
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
06.06.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас шаарындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Эң негизги социалдык манилүү товарлардын баалары төмөндөгүчө:
– Жергилүүктү 1 сорттогу ундун баасы 50 кг 1540 (Дани), (Яшар) 1725 – башка магазиндерде 2035 сомго чейин, импорттук (Казакстан) 1 сорттогу ундун баасы 50 кг 1699 сомдон – 2450 сомго чейин;
– 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктары 1 даана бөлкө нан 23-25 сомго чейин, 1 даана тандыр нан 26 сомдон – 28 сомго чейин;
– 2,5 – 3,2% майлуулуктагы сүт 1 литр 59 сомдон – 90 сомго чейин;
– Өсүмдүк күн карама майы 1 литр 110 сомдон – 177 сомго чейин;
– Кумшекер 1 кг 73 сомдон – 85 сомго чейин;
– Күрүч (тазаланган ак) 1 кг 110 сомдон – 195 сомго чейин;
– Тоок жумурткасы 10 даанасы 80 сомдон – 140 сомго чейин;
– Жылкы жана уй эти 1 кг баасы 490-500 сомго чейин, Кой эти 1 кг 530-540 сомго чейин. Ал эми касапканаларда (бойный) 370-430 сомго чейин;
– Минералдык жер семирткичтер (аммиак селитрасы 1 кг 27,20-32 , карбамид 1 кг 33-40);
– Тоюттар (чөп) 180 сомдон – 230 сомго чейин. Белгилей кетсек, буга чейин чөптүн тартыштыгы жаралып түгү 350-500 сомдон сатылып келген;
– Талас шаарынын социалдык көмүр отун базасында жергиликтүү көмүр 1 тоннасына – 6000 сомдон, ал эми импорттук көмүр 1 тоннасын – 7800 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду.
Мониторингдин жыйынтыгы менен азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына Талас облустук бөлүмү тарабынан үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүрүп турарын белгилейбиз.




