
2024-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтыруу боюнча иштерди күчөтүү максатында бөлүмдүн кызматкерлери Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен ж.о.э Балыкчы шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен бирдикте социалдык маанилүү товарлардын бааларына Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын соода түйүндөрүндө, мониторинг жүргүзүлдү.
Сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мониторингдин жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга баалар негизинен туруктуу экендиги байкалды.




