
Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
29.05.2024Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 451-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» 2023-жылдын 24-январындагы № 35 токтомуна ылайык. буйрук кылам:
1. 2023-жылдын 8-февралындагы № 12 “Укук бузуулар боюнча иштерди кароо кызматынын комиссиясын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жогоруда көрсөтүлгөн буйруктун 1-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык өзгөртүлсүн.
2. Пресс-катчы (Кадырова) бул буйрукту расмий сайтка жайгаштырсын.
3. Адам ресурстарын башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү жана мамлекеттик тил бөлүмү (Кандова) Кызматтын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин ушул буйрук менен тааныштырсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кызматтын төрагасынын орун басары Ж.Б.Орозбаевге жүктөлсүн.
Төрага Г.К.Асылбаева
Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы
1. Орозбаев Ж.Б. – кызматтын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
2. Оморов С.К. – жөнгө салынуучу чөйрөлөр бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын мүчөсү;
3. Ли П.А. – Тергөө, монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана жарнак бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын мүчөсү;
4. Горьянова О.В. – Талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын мүчөсү;
5. Кадырбекова Н.М. – Укуктук камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын мүчөсү.

