
Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин 22-1 пунту боюнча мониторинг жүргүзүлдү
08.05.2024
Бишкекте базарларда мониторинг жүргүзүлдү
10.05.20242024-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери Раззаков шаарындагы базарларда жана ири соода түйүндөрдө сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Эң негизги социалдык манилүү товарлардын баалары:
- Жергиликтүү 1 сорттогу ундун баасы 50 кг 1700 сом;
- Өсүмдүк күн карама майы 1 литр 130 – 160 сомго чейин;
- Кумшекер 1 кг 85 – 90 сомго чейин;
- Күрүч (тазаланган ак) 1 кг 120 – 150 сомго чейин;
- Макарон азыгы 1 кг. 70 – 80 сомго чейин;
- Картошка 1 кг. 30 сом;
- Пияз 1 кг. 30 сом;
- Сабиз 1 кг. 35 сом;
- Уй эти 1 кг баасы 530 сом, кой эти 1 кг 615 сом.
Ошондой эле, бул иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди.
Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка райондорунда дагы өткөрүлмөкчү.




