
Ош шаарында жарнама жана мамлекеттик тили боюнча рейд уланууда
23.04.202424.04.2024
2024 – жылдын 23 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекемелерде мониторинг жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мониторингдин жүрүшүндө төмөнкү мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөрдүн жоктугу аныкталган :
- Талас облустук эмгек ардагерлеринин жана майыптардын дарылоо, реаблитациялоо ооруканасы;
- К. Медетбеков атындагы музыкалык драма театры;
- Талас облустук тиш дарылоо бейтапканасы;
- Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору;
- Талас шаардык “Таза Суу” муниципалдык ишканасы.
Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Кректөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27 берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүү менен бирге – мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен 5-көрсөтмө берилди.





