
Ысык-Көл токой чарбасы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
17.04.2024Кыргыз Республикасынын табигый монополия субъектилеринин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
18.04.2024Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы №304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 13-февралындагы №7 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин мамлекеттик реестрине Кызматтын 2024-жылдын 3-апрелиндеги №15 буйругу менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
– “Республикалык реестри” 1-бөлүмүнүн 14-пунктундагы чарбакер субъект рынокто үстөмдүк абалды ээлеген товардын (жумуштун, кызматтын) аталышы толукталды;
– “Республикалык реестри” 1-бөлүмү кошумча 38, 39 жана 40-пункттары менен «Яндекс.Такси.Корп» ЖЧК, «DOS TEK GROUP» (ДОС ТЕК ГРУПП) ЖЧК жана «Юниверсал Бизнес Репорт» ЖЧК чарбакер субъектилери менен толукталды.

