
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 13-апрелинде массалык ишембилике катышкандыгы тууралуу иш чара өттү
15.04.2024
Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаары жана Ош облусу боюнча юстиция башкармалыгына мониторинг жүргүздү
15.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 4-апрелиндеги №07-1/30 сандуу тапшырманын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомун жана 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу максытында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Айтматов жана Манас райондорунун мамлекеттик Салык кызматынын инспекторлору жана Талас облусунун Улуттук банкынын кызматкери менен биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү.
2024-жылдын 12 апрелинде Айтматов жана Манас районуна жайгашкан:
- “УНАА” мамлекеттик мекемесинин Айтматов регионалдык бөлүмү;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Айтматов филиалы;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Манас филиалы;
- Талас Айтматов жалпы дарыгердик практика борбору;
- Талас Айтматов районунун калкты тейлөө борборуна;
- Айтматов районунун архитектура бөлүмүнө
накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн атайын жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча жана жогоруда аталган мекеме ишканалардын прейскуранттардын (баасы) жана иштөө режимин кардарларга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу (илүү), боюнча мониторинг жүргүзүштү. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 сандуу “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун тизмесинде көрсөтүлгөн чарбакер субьектерлерине гипер маркет, супер маркет, дүкөндөрдө, тамактануу жайларда, авто сервис-дүкөн, мейманкана, дарыкана жана май куючу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө кээ-бир мамлекеттик мекемелерде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн программалык-техникалык түзүлүштөр жоктугу аныкталды. Мамлекеттик мекеме жетекчилерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-берененин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге мыйзам бузуучулукту четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен 7-көрсөтмө берилди.






