
2024-жылдын 19-март күнү Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.К.Байгончоков Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы К.А. Султангазиев менен жолугушуп, 2024-жылга карата иш планын талкуулашты
20.03.2024
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жыйындар залында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү
25.03.2024“Токтобеков Сапар” атындагы таза суу муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү сууга болгон кызматтарынын тарифтери (баасы) каралып жатат. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобосунун 12-1п. ылайык Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагынын муниципалдык кызматтын өкүлдөрү, Барбулак айылынын тургундары жана таза суу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү менен (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) долбоорлорун жана анын чектүү деңгээлин ачык талкуулоо өттү.





