
Нарын облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда төмөндөгү багыттар боюнча мониторинг жүргүзүлдү
15.03.2024
Талас шаарында бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” студенттерге семинар өткөрүлдү
15.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 15-мартында, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш чара өткөрүү алкагында, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Баткен филиалында элдерге (керектөөчүлөргө) сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда, Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин бузулуу фактысы табылган, же тактап айтканда керектөөчүлөр үчүн мекеменин аты жана баа прейскуранттар көрүнүктүү жерге илинип коюлган эмес. Мониторингдин жыйынтыгы менен эскертме берилди.






