
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата иш-плангаылайык Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүтарабынан төмөнкү иштер аткарылды:
13.02.2024
Ош шаардыкбөлүмүнүн кызматкери тарабынын 2024-жылдын 14-февралында КыргызРеспубликасынын “Жарнак” жөнүндө мыйзамынын талаптарына ылайыкжарнактарды мыйзамга дал келтирүү боюнча Ош шаарында мониторингжүргүзүлдү.
15.02.2024Жүргүзүлгөн иш чарада Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан, товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салуу, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктары, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизимдери жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде пикир алышуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн ишмердүүлүгү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Фотоотчет тиркелет.
Бөлүм башчы М. Исаев



