
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылда аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө коллегиялык отуруму өткөрүлдү.
05.02.2024
Керектөөчүнүн арызы канааттандырылды
06.02.20242024-жылдын 5-февраль күнү Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарындагы базарларда сатуучуларга социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү.
Эң негизги социалдык маанилүү товарлардын баалары:
1. Жергиликтүү 1 сорттогу ундун баасы 50 кг 1500 сом ;
2. 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктары 1 даана бөлкө нан 20-25 сомго чейин; 1 даана тандыр нан 20– 25 сомго чейин;
3. Өсүмдүк күн карама майы 1 литр 120 – 140 сомго чейин;
4. Кумшекер 1 кг 80 – 90 сомго чейин;
5. Күрүч (тазаланган ак) 1 кг 120 – 170 сомго чейин;
6. Макарон азыгы 1 кг. 65 – 70 сомго чейин;
7. Уй эти 1 кг баасы 500 сом, кой эти 1 кг 600 сом.
Кызыл-Кыя шаарында Сүлүктү көмүрү 1 кабы 380-450 сомго чейин, жергиликтүү көмүрлөрдүн 1 кабы 400-450 сомго чейин сатылып жатканы белгилүү болду.
Ошондой эле, бул иш-чаралардын жүрүшүндө «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди.
Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка райондорунда дагы өткөрүлмөкчү.






