
Талас шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
01.02.2024
“Кожобакырган-Суу” ИСКАКБнын ичүүчү суу баасы белгиленди
01.02.20242024-жылдын 29-январь күнү Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Баткен шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин учурунда 10 субъект камтылып, алардын ичинен 2 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орнотуп жана колдонуп жатышкандыгы аныкталды. Ал эми калган 8 субъект программалык-техникалык түзүлүштү орното жана колдоно электиги такталды.
Мониторинг жүргүзүү учурунда бардык мамлекеттик жана муниципалдык субъектилерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооз-эки эскертүүлөр берилди.




