
Сүлүктү шаарында көмүрдүн өздүк наркына жана бааларына мониторинг жүргүзүлдү
25.01.2024
Раззаков шаарында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
25.01.2024 Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги тарабынан 2023-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өткөрүлгөн жыйындын протоколдук тапшырмасына ылайык, Сүлүктү көмүрүнүн өздүк наркын жеринде аныктоо максатында, 2024-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төргасынын орун басары А.А. Мамыралиев, териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдардын сактоону жана жарнаманы көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы П.А. Ли жана Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте, туура жана так маалымат алуу максатында, Сүлүктү шаарындагы “Ахмат-Кен”, “Айтматов Жаныбек”, “Кызыл-Булак” жоопкерчилиги чектелген коомдорунда жана “Сүлүктү шахта курулуш” акционердик коомунда өндүрүлгөн көмүрдүн, өздүк наркына жана бааларына сурамжылоо иштери жүргүзүлдү.
Сурамжылоонун жыйынтыгында, Сүлүктү шаарында көмүрдү жер астынан казып алгандыгына байланыштуу көмүрдүн чыгымдары, ачык жерде казып алууга караганда жогору каражатты талап кылгандыгы аныкталды. Сурамжылоо учурунда шахтерлердун айлык акысы, көмүр казууга кеткен чыгымдары жөнүндө маалыматтар алынып, талдоо иш-чаралары жүргүзүлдү.
Учурда көмүрдүн баасы “БР” маркасынын 1тоннасы 5 000-6 000 сомдон, “БК” маркасы 7 000-8 000 сомдон сатылууда. Бүгүнкү күнгө көмүр боюнча абал туруктуу.




