
Нарын шаарында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
06.12.2023
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
07.12.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №12 буйругуна ылайык Баткен облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли 90 календарлык күндүк мөөнөткө белгиленген.
2023-жылдын 06-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кызыл-Кыя шаарындагы көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүздү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли ээленгени 1кг. – 10,50 сомдон, ээленбегени 1 тн. – 10 000 сомдон, белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, көмүр сатуучу ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн мамлекеттик белгиленген баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.





