
Түп районунун Ысык-Көл айыл аймагындагы “Таза-Мурас” муниципалдык ишканасы тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранты бекитилди.
30.11.2023
Ош облусунун Ноокат районунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
01.12.2023Метрологиялык көзөмөл башкармалыгы, 2023-жылдын IV-кварталындагы текшерүү планына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Борбордук Лаборатория” Мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүндө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынын сакталышы, метрологиялык эрежелердин, ченемдердин өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуу боюнча метрологиялык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпысынан 143 өлчөө каражаттары текшерилди, анын ичинен 15 өлчөө каражаттары (3 өлчөө каражаттары, 12 мамлекеттик стандарттык үлгүлөр) мамлекеттик текшерүү мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды, бул болсо Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамын бузуу болуп саналат.
Мамлекеттик стандарттык үлгүлөрүн жана текшерилбеген өлчөө каражаттарын колдонгону үчүн:
- “Металл эмес сырьёну сыноо боюнча тобу” бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык, 391-беренеси боюнча айып пул салынды.
- “Химиялык спектралдык анализ тобу” бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык, 385-беренеси боюнча айып пул салынды.

