
Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
30.10.2023
Баткен облусунда көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
31.10.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 30-октябрь күнү Талас району жана Талас шаарында көмүр сатуулуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндөгү буйрук боюнча маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары КР “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү 2023-жылдын 25-октябрында №11 “Талас облусу боюнча көмүрдүн бааларынын максималдуу бааларын белгилөө жөнүндө” – буйругу кабыл алынган. Аталган буйрукта Талас шаарында жана Талас районунун аймагында калкка сатылуучу көмурдүн чекене баалары төмөндөгүдөй бекитилди:
Талас шаары: Жергиликтүү көмүр- 1 кг 6,3 сомдон -6,6 сомго чейин;
Импорттук көмүр- 1 кг 8,9 сомдон – 9,2 сомго чейин.
Талас району: Жергиликтүү көмүр- 1 кг 6,3 сомдон -6,6 сомго чейин;
Импорттук көмүр- 1 кг 9,0 сомдон – 9,3 сомго чейин.





