
Ошто белгиленбеген жерлерде соода жүргүзгөн ишкерлерге айып пул салынды
19.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү чарбакер субъекттер тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскуранттарын макулдашты
20.06.2023Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2023-жылдын 6-июнундагы №148 Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында райондогу айыл аймактардын башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Ысык-Көл облусунун курорттук- рекреациялык зонасынын аймагында, анын ичинде Ак-Суу районунда полимер пленкасынан жасалган баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, соода түйүндөрүндө маалыматтык баракчалар таратылды. Бул багыттагы иштер тиешелүү кызматтар менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.




