
Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
26.04.2023
Балыкчы шаардык жалпы дарыгерлер практика борбору тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
27.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын дарегине Б.Д.Р аттуу жарандан “Айчүрөк” соода борборунун 4-кабатында жайгашкан (“Х” бөлүмүнө) карата кайрылуу келип түшкөн.
Арызда керектөөчү колдонулган ноутбукту сатып алган жана 6 күндөн кийин зарядын кармабаган аккумулятордун бузулушуна байланыштуу кайтарып берүүнү каалаган. Бирок, дүкөн акчаны кайтарып берүүдөн баш тартткан.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык эгерде сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу боюнча: товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү;сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну; ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну; сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну; Соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат.
Белгилей кетсек, керектөөчүгө аккумулятордун бузук абалда экендиги тууралуу да маалымат жеткирилген эмес.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесине ылайык даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө зарыл жана анык маалыматты өз убагында берүүгө милдеттүү, бул алардын туура тандоосун камсыз кылат.
Дүкөндүн кызматкерлерине кайрылууну кароонун алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамын так сактоо керектиги көрсөтүлгөн.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө (53000 сом) өлчөмүндөгү акча каражаты кайтарылган.


