
Ош шаарында таратылып жаткан жарнактардын мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүлдү
19.04.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү “Кара-Көл шаардык Б.Рысбеков атындагы Жалпы дарыгерлердин практикалоо борбору (тиш дарылоо)” тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын прейскурантын макулдашты
24.04.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмү, 2023-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү И.Ж. Иманбетов алып барган Ысык-Көл аймагындагы коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кенешке катышты. Күн тартибинде каралуучу маселелердин бири;
Жергиликтүү тургундар тарабынан өткөрүлүүчү чийки сүттүн баасынын төмөндөшүнө алып келген нааразычылыктардын алдын алуу боюнча. Айтылган маселе боюнча өкүлдүн биринчи орун басары У.Э. Далиев чечүүнүн жолу катары сүт кабыл алган заводторго жеке сүт чогултуучу автоцистерна алууга ортомчуларга кошумча каражат кетирбей өздөрү айдоочу жалдап чыгымдарды азайтуу сунушу берилгенин жана азыркы учурда сүттү кабыл алуулар 28-32 сомдон аралыгына жана сапатына жараша кабыл алып жатканын билдирди. Ошондой эле Жети-өгүз районунун биринчи орун басары А.К. Дүйшембиев учурда жакын жайгашкан айылдарга бир, чонураак айылдарга бирден автоцистерна алып берүү жаатында иштер жүрүп жатканын жана каражат маселесин издөөдөбүз деп маалымат катары билдирди. Мисалы катары ортомчуларга кетүүчү 4-6 сомдун жок дегенде жарымын (КММ, айдоочу-чогултуучунун айлык акысы жана аммортизацияга кеткен чыгымдарды гана эсептеп) алса жергиликтүү тургундарга дагы 2-3 сом кошулуп калаарын белгиледи.
Азыркы учурда жалпысынан Ысык-Көл облусунун аймагында учурда чийки сүттү кабыл алуу жаатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин алкагында тургундар тарабынан өткөрүлүүчү чийки сүттүн баасы боюнча нааразычылык жок.



