
Ош шаарында жарнактар боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
13.04.2023
КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
14.04.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 10-апрелинде Баткен шаарларында жарнама мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларды болтурбоо багытында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пунктарынын бузуу фактысы аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат, эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле ошол лицензия берген органдын аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
Мониторинг жыйынтыгы менен, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамын бузгандыгы аныкталып, Кадамжай “Семетей” лицейине, “Билим-Ленд” жана “Балажан Баткен” мектептерине, “Дунай” жана №46 дарыканаларына, Гинекологиялык клиникасына жана “Кондитердик студиясынын” ээлерине жазма эскертүү (предписание) берилди жана кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




