2022-жылдын 1-кварталынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча отчету
15.12.2022Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери Россиянын Федералдык Монополияга каршы кызматындагы санариптик рыноктордо монополияга каршы иштерди кароо маселелери боюнча семинарга катышышты
15.12.2022Мамлекеттик сатып алуу жол-жобоолорун жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеткирип берүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн:
- Күзөт кызматтарын сатып алуу – «Аякс регион» ЖЧКсы;
- Хостинг кызматтарын сатып алуу – «Оптима -Телеком» ЖЧКсы;
- Компьютердик техниканы оңдоо жана картридждерди толтуруу жана тейлөө боюнча кызматтарын сатып алуу – “Викимедиа” ЖЧКсы;
- Катуу тиричилик таштандыларын кабыл алуу, ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызматтарды сатып алуу – «Комтранском» ЖЧКсы;
- Документтерди жана буйруктарды башкаруунун автоматташтырылган тутумун камсыздоо (жаңылоо) боюнча кызматтарды алуу (АСКИД) – ЖИ Барышникова Е.Е.;
- 1С:Предприятие 8:3 Кыргызстандын бюджеттик уюмдары үчүн бухгалтердик эсеп программасын жаңылоо жана коштоо боюнча кызматтарды сатып алуу – ЖИ Таштанов А.Т.;
- Интернетке, ошондой эле санариптик телеберүүгө (IPTV) кирүүнү уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу – «Fastnet» ЖЧКсы;
- Жергиликтүү (стационардык) телефондук байланыш кызматтарын алуу: Кызматтын борбордук аппараты үчүн биринчи лот “БГТС” филиалы менен келишим түзүлгөн; Кызматтын аймактык бөлүмдөрү боюнча экинчи лот катышуучулардын жоктугунан өткөн жок.
- “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы күчүнө киргенден кийин Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык (мыйзамда “макулдашуу” деген сөз “контракт” деп алмаштырылган) “Кыргызтелеком» ААКсынын Чуй облустук филиалы менен Кызматтын аймактык бөлүмдөрүн локалдык телефон байланышы менен камсыз кылуу боюнча сатып алуулар жөнүндө жарыяны веб-порталда жарыялабастан бир булактан алуу ыкмасын колдонуу менен (табигый монополиянын субъектисинин кызматын сатып алуу).
- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык Финансы Министрлигинин Окуу борбору менен веб-порталда сатып алуу (мамлекеттик кызматтарды сатып алуу) жөнүндө кулактандыруу жарыялабастан, “Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу” курсу боюнча персоналдарды окутуу кызматтарын көрсөтүүгө келишим түзүлгөн.
- Канцелярдык товарларды (жөнөкөй карандаштарды) сатып алуу боюнча мамлекеттик сатып алуу жол-жоболору товарлардын, жумуштардын жана кызмат корсөтүүлөрдүн электрондук каталогу – Тандоо аркылуу жүргүзүлүп жыйынтыгында– ИП Акбаралиева А.М менен келишим түзүлгөн.
- Тиричилик буюмдарын жана идиш-аяктарды сатып алуу –ИП Асанбаева А.З.
- Убактылуу пайдалануу үчүн диспенсерлерди берүү менен ичүүчү сууну сатып алуу. Бирок сатып алуу эки жолу ишке ашкан жок.
Эскертүү: 1-кварталда өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 11-апрелинде “ТехнО2” ЖЧКсы менен компьютердик техниканы сатып алуу келишими тузүлгөн.


