Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Минск шаарында (Беларусь Республикасы) бир катар жыйындарга катышат
06.09.2022Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министри менен жолукту
07.09.2022Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Евразия экономикалык биримдигинин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министрдин) («5+1» форматындагы) Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуп жаткан жыйынында катышты
2022-жылдын 6-сентябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрилигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович Евразия экономикалык биримдигинин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсүнүн (министрдин) «5+1» форматында болуп өткөн жыйынында катышты. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жыйынында төрага К.Д.Тайлаков Кыргыз Республикасынын рынокторунда адилетсиз атаандаштыкты жойуу боюнча монополияга каршы органдын ролу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле, Армения Республикасынын мыйзамдарындагы акцияларды өткөрүү чөйрөсүндөгү жаңы өзгөртүүлөр, анын ичинде арзандатуулар жана Россия Федерациясынын монополияга каршы мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр каралды. Жыйындын соңунда Евразия экономикалык комиссиясы «2020-2022-жылдардын Евразия экономикалык биримдигинин ыйгарым укуктуу органдардын бааларынын туруктуулугун колдоо» докладынын долбоорун сунуштады. Отурумдун жыйынтыгында аныкталган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды, алар ЕАЭБ жана Евразия экономикалык биримдигинин ыйгарым укуктуу органдардын эксперттери тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө аткарыла турган болду.

