Бакалова Айсулуу Турсунгазиевна
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысы

Каракол шаары Пржевальский көч. 123 тел:0 3922 3 18 86

06.07.2023

Каракол шаарынын мэри менен жолугушуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысы, Каракол шаарынын мэри менен жолугушуп, таанышуу учурунда чогуу бирдикте жигерлүү иш алып баруу боюнча сүйлөшү жүрүп ошондой эле Каракол “Суу түтүк” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү тарифи боюнча талкулоо болду.
03.07.2023

Санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жолугушуу өттү

Ысык-Көл районунун курорттук аймактарында өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 3-июль күнү Ысык-Көл мамлекеттик администрациясынын аянтчасында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары А. А. Мамыралиевдин, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчыларынын жана мамлекеттик жана жеке менчик түрүндөгү санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга жана тамак-аш азыктарына, санаториялык-курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө […]
29.06.2023

Ысык-Көл аймагында мониторинг жүргүзүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б. Төрөбаевдин, Экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиевдин тапшырмасы боюнча  Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын орун басары баштаган эксперттери, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата, Балыкчы, Бостери, Чырпыкты, Тамчы, Чок-Тал курорттук аймактарында бааларды турукташтыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы боюнча мониторинг жүргүзүшүүдө. Мониторингдин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында соода жүргүзгөн ишкерлерге, баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык […]
26.06.2023

Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн  кызматкерлери Ак-Суу районунудагы тейлөө аймактарында POS- терминалдарды орнотуу зарылдыгы боюнча биргелешкен мониторингди жүргүзүштү           Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери  Улуттук банктын өкүлдөрү менен бирге Ак-Суу районунда соода жана тейлөө ишканаларында (аптекалар, коомдук тамактануу пункттары, чач тарачтар, азык-түлүк жана турмуш-тиричилик техникасын сатуучу магазиндер – жалпысынан 11)  POS-терминалдардын болушу жана колдонулушу, о.э. банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаны колдонуу менен […]
22.06.2023

 Түп районунда полимер пленкасынан жасалган баштыктар боюнча талкуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2023-жылдын 6-июнундагы №148  Жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү  тарабынан  Түп райондук мамлекеттик администрациясында райондогу айыл аймактардын башчыларынын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ысык-Көл аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык […]