Батырканов Эрлан Таштанбекович
Начальник Нарынского областного отдела
г.Нарын ул. Ленина 76 тел:0 3522 5 09 53


29.04.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан, 2023-жылдын 27-апрель күнү Ат-Башы районунда, райондук айыл өкмөттөрүндө ичүүчү суу менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ИСКАКБ (СООПВ) жана муниципалдык ишканалардын, райондук мамлекеттик администрация өкүлдөрүнүн катышуусунда, монополияга каршы органы менен кандай тартипте макулдашу керектиги жөнүндө презентация жасалды. Жыйынга катышкандар ортосунда суроо-жооп, талкуулар жүрдү. КР 1999-ж. 25-март номер 33 “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамы жана “Табигый […]
14.04.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук Бөлүмү тарабынан, Нарын шаарында жайгашкан май куюуучу жайларына керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында мониторинг жүргүзүлдү. Нарын шаарынын 64 аймагында жайгашкан “Петролеум” май куюуучу жайында Аи-92 маркасындагы майдын баасы – 53,30 с; Дизел-72,30с., ал эми, жаны жол аймагындагы “RED PETROLEUM” май куюуучу жайында Аи-92 маркасындагы майдын баасы – 53,30 с; Дизел-72,30с., ошондой эле Ат-Башы көчөсүндө […]
06.04.2023
2023-жылдын 5-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмү тарабынан, Нарын шаарындагы сүт-азыктарын чыгаруу цехтеринде сүттүн баалары боюнча мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө, “Сүт-Азык” ЖАК ишканасы тарабынан чыгарылган каймак майы, Чүй облусунда жайгашкан “Үмүт и Ко” ЖАК ишканасына жөнөтүлөрү белгилүү болду.Ал эми “Нарын Береке Сүт” ишканасы чыгарган каймак, айран, быштак азыктары Нарын шаарынын соода дүкөндөрүнө сатыкка коюлат. Чыгарылып жаткан […]
31.03.2023
2023-жылдын 31-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Нарын шаарында жайгашкан базарларда, дүң соода жайларында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө базардагы соодагерлерге баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча маалыматтар берилди. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде чаралар көрүлөрү айтылды.
19.12.2022
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине тарифтерди (баанын) көтөрүлгөнү аныкталып айып пул салынды. Прейскуранттагы тарифтин баасын 62% төмөндөдүү, Нарын облустук бөлүмү тарабынын 2022-жылдын 8-декабрь айында №01-13/34 буйругу менен макулдашуудан өттү.





