Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары
19.12.2022
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Нарын облустук Үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору” мекемесине тарифтерди (баанын) көтөрүлгөнү аныкталып айып пул салынды. Прейскуранттагы тарифтин баасын 62% төмөндөдүү, Нарын облустук бөлүмү тарабынын 2022-жылдын 8-декабрь айында №01-13/34 буйругу менен макулдашуудан өттү.
19.12.2022
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп районунун, Түп айылында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-ст. 3 пунктуна дал келбегендиги тууралу акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403 ст. ылайык 170 эсептик көрсөткүч эсебинде айып пул салынды.
14.12.2022
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери керектөөчүлөр үчүн эң керектүү азык-түлүктөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана социалдык маанидеги тамак-аш азыктарына баанын негизсиз жогорулатылышына жол бербөө максатында Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарынын […]
13.12.2022
2022-жылдын 18-октябрында Жалал-Абадс шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, ишкердик субъекттер арасында жарнактык маалыматты даярдоодо жана жайылтууда “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
13.12.2022
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү 06.10.2022-жылы № 34 -буйругу менен “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын бааларынын прейскуранты 2 позицияда макулдашылды.




