Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары

31.03.2023
Нарын шаарында азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 31-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Нарын шаарында жайгашкан базарларда, дүң соода жайларында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө базардагы соодагерлерге баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча маалыматтар берилди. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде чаралар көрүлөрү айтылды.
30.03.2023
Эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келээри белгилүү болду. Ош базарынын эт саткан жайларында дүң жана чекене баада сатылат. […]
30.03.2023
Ысык-Көл облусунда сүт азыктары боюнча жыйын өттү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн  башчысы, кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, айыл чарбасы боюнча облустук кызматкерлердин жана сүт заводтордун өкүлдөрү, жалпы облустук сүт өткөрүүчүлөр менен жыйын өткөрүлдү. Жыйын негизинен сүттүн баасыны арзандыгы же 28 сомдон алып жатканына нааразычылык боюнча болуп өттү. Жыйында […]
30.03.2023
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Жети-Өгүз районунудагы тейлөө аймактарында POS- терминалдарды орнотуу зарылдыгы боюнча биргелешкен мониторингди жүргүзүштү
Бүгүн, 2023-жылдын 29-мартында, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери  Улуттук банктын өкүлдөрү менен бирге Жети-Өгүз районунда соода жана тейлөө ишканаларында (аптекалар, коомдук тамактануу пункттары, чач тарачтар, азык-түлүк жана турмуш-тиричилик техникасын сатуучу магазиндер – жалпысынан 34)  POS-терминалдардын болушу жана колдонулушу, о.э. банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары – QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган банк жабдууларын орнотуу […]
24.03.2023
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кадамжай районунун базарларында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
Ушул жылдын 23-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Кадамжай районунун жергиликтүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте Кадамжай районундагы базарларындагы сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Ошондой эле, бул иш-чаралардын жүрүшүндө «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди. Ушундай эле иш-чаралар […]