Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары
01.06.2023
2023-жылдын 31-май күнү Чүй облустук бөлүмү тарабынан Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын орун басары А. Мамыралиевтин жетекчилигинде, Чүй облусунун аймагында сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен чийки сүт рыногундагы сатып алуу баасын турукташтуруу боюнча жолугушуу өттү. Жолугушууга “Кант Сүт” ЖЧКунун жетекчиси Д.А. Джон, “Жайыл Милк” ЖЧКунун жетекчиси Н.Д.Асанбеков, “Умут и К” ЖЧКунун жана “Ак-Сүт” ААКнын өкүлдөрү катышып, […]
01.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен “KICB банк”га Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесинин 3 пунктуна дал келбегендиги тууралу АКТ түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403 ст. ылайык 170 эсептик көрсөткүч эсебинде 2023-жылдын 26-майында айып пул салынды.
01.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан ЖИ Дюшеев Ш.И. («Татына» жыгач усталык цехи) карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 434-беренесине ылайык айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
01.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан «Дельфин Ысык-Суу» ЖИ Ибраев О. карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимге монополияга каршы органдын Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүгүн бузууну четтетүү боюнча эскертүүсүн аткарылбагандыгы себеп болгон.
01.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан “Кашка-Суу Сити” ЖЧК карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 403-беренесине ылайык айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимге “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- беренесинин 3-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде таркатылат жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча, кошумча түрдө Кыргыз […]




