Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары
10.07.2023
Чүй облустук бөлүмү Сокулук районунун Военно–Антоновка жана Новопавловка айыл аймактарындагы ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана базарларында социалдык маанидеги товарларга мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө азык-түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына суу май, кум шекер жана эт баасын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүлдү.
06.07.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысы, Каракол шаарынын мэри менен жолугушуп, таанышуу учурунда чогуу бирдикте жигерлүү иш алып баруу боюнча сүйлөшү жүрүп ошондой эле Каракол “Суу түтүк” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүү тарифи боюнча талкулоо болду.
06.07.2023
Мониторингдин жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын «Жарнак жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3 жана 4-пункттарына ылайык келбеген тышкы жарнакты бузуунун төрт фактысы аныкталган: 1. «ABIEVA S» сулуулук салону; 2. «ОJ» сулуулук салону; 3. «MI Store» дүкөнү; 4. «Касметика-порфимерия» дүкөнү. Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү […]
06.07.2023
Мониторингдин жүрүшүндө, учурдагы эттин бааларына көнул бурүлду. Эт сатуучу ишкерлердин билдиргенине ылайык эттин баасы бүгүнкү күндө стабилдүү. Төмөндө эттин баасынын абалы боюнча маалымат берилет. Аталышы Баасы, сом/кг. Эскертуу мин макс сред Кой эти 520,0 560,0 540,0 Уй эти 500,0 520,0 510,0 Чочконун эти 520,0 560,0 540,0 Жылкынын этин сатып алганда 1кг чучук кошуп берилет Жогорудагынын […]
04.07.2023
Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлер арасында алар көрсөткөн кызматтарга алып-сатарлык жана негизсиз баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү. Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Жарнак жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыздоо жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Белгилей кетсек, шаарда суунун тартыштыгынан улам, жогорудагы кызмат көрсөтүү жайларындагы баалардын өсүшү байкалган жок.






