05.04.2023
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик символикалар боюнча жыйын өттү
2023-жылдын 4-апрел күнү Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү жана Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Айнура Ахмеджанова менен биргеликтеЖалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин, бала бакчалардын жетекчилерине КРнын Мамлекеттик Туусу жана Гербин туура колдонуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргуль Эгемова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Маданова […]
05.04.2023
Ош шаарында тейлөө жабдуулары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы No 869 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куйуу станцияларында (АЗС), соода объектилеринде, дарыканаларда банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды тейлөөгө арналган жабдуулардын (түзмөктүн) бар (жок) экендиги боюнча иш […]
05.04.2023
Чийки сүттү сатып алуу баалары талкууланды
Чийки сүт рыногундагыкырдаалды баалоо максатында, сүттү кайра иштетүүчү заводдордун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. 82023-жылдын 4-апрель күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков менен кызматтын эксперттери биргеликте “Бишкек сүт” ААКын жетекчилиги менен ишкананын аянтчасында жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө сүттү сатып алуудагы баалардын сезондук өзгөрүшүн, сүт азыктарын өндүрүүдө кеткен чыгымдар (пастерленген сүт, быштак, коюу каймак ж.б.) тууралуу кеңири талкууланды.Төрага Кеңешбай […]
04.04.2023
“Бимар” соода жайына жазма эскертүү берилди
Социалдык “Facebook.com” тармагында Бишкек шаарындагы “Бимар” супермаркетинде товарлар улуттук валютада (сом менен) сатылбай жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери тарабынан бул маалыматты аныктоо максатында 2023-жылдын 3-апрелинде “Бимар” ЖЧКсынын үч гипермаркетин кыдырган. Көчмө иш-чаралардын жүрүшүндө, эреже бузуулар Токтогул көч., 116 дареги боюнча жайгашкан “Бимар” ЖЧК гипермаркетинде аныкталды.Дүкөндүн администрациясынын айтымында, товарлардын баалары чапталган кагаздагы катачылык техникалык мүчүлүштүктөргө жана программалык […]
04.04.2023
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын   23-мартындагы №9-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыктары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.                                                             Макулдашылган көрсөткүч 3.