ПРИКАЗ «О внесении изменений в Государственный реестр хозяйствующих субъектов, занимающих доминирующее положение на товарных рынках Кыргызской Республики»
17.07.2025В ходе мониторинга проведена разъяснительная работа с продавцамипо недопущению необоснованного роста цен на социально значимые товарыи соблюдению требований Закона КР «О конкуренции»
18.07.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 17-июль күнү Талас шаарындагы эт сатуу жайларына мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эт сатуучуларга Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде төмөнкү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү:
- товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү;
- өлчөө каражаттарын (таразаларды) мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өткөрүү
зарылчылыгы.
Учурдагы эттин баалары (2025-жылдын 17-июлуна карата):
Эт түрү Сатуу баасы (кг үчүн) Эскертүү
Уй эти 610–650 сом Шаар ичиндеги
базарларда
Кой эти 570–580 сом
Уй эти (касапканада,
ички эттери менен)
480–500 сом Түз жеткирилген учурда
Баанын жогорулашына таасир эткен факорлор:
- Малдын өздүк баасынын өсүшү:
- Бодо малдын баасы акыркы айда 10 000–15 000 сомго чейин,
- Кой баласынын баасы 4 000–5 000 сомго чейин кымбаттаганы маалымдалды.
- Импорт жана экспорт агымдары:
- Казахстан Республикасынан алынып келген малдардын көпчүлүгү түштүк регионго
жана андан ары Өзбекстанга экспорттолууда. - Мал ортомчулар аркылуу сатылып жаткандыктан, алардын баасы кошумча жогорулап
жатканы белгиленди. 2 - Союуга жарактуу малдын жетишсиздиги:
- Учурда көпчүлүк мал жайлоолордо болгондуктан, базарларда семиз союлчу малдын
жетишсиздиги байкалууда.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан: - Социалдык мааниге ээ товарларга (анын ичинде этке) үзгүлтүксүз баа байкоолору
жүргүзүлүп келет; - Эт сатуу тармагындагы ишкерлерге баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча
түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз түрдө өткөрүлүүдө.

