31.03.2023
2023-жылдын 31-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Нарын шаарында жайгашкан базарларда, дүң соода жайларында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө базардагы соодагерлерге баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча маалыматтар берилди. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде чаралар көрүлөрү айтылды.



