Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары жөнүндө түшүндүрүүлөр боюнча маалыматы
19.03.2025Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери мониторинг иштерин аткарышты
20.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 18-мартында И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери менен кезигишүү өттү. Лекциянын жүрүшүндө “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын айрым талаптары түшүндүрүлүп, төмөнкү маселелер талкууланды:
– Керектөөчүлөрдүн укуктары;
– Аткаруучулардын жана сатуучулардын жоопкерчиликтери;
– Монополияга каршы кызматынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жүргүзгөн иштери;
– Керектөөчү өзүнүн укугун кантип коргойт жана кайсы мамлекеттик органдарга кайрылышы мүмкүн;
– Башка керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча маселелер талкууланды.

