Кадамжай район аралык оорууларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
24.09.2024“Кадамжай Сууканал” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматынын баасы белгиленди
25.09.20242024-жылдын 23- сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика
жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Жети-Өгүз
районунда катуу отунду (көмүр) сатуучу чарба жүргүзүүчү субъекттерге
көмүрдүн сатылышы боюнча иш-чара жүргүзүштү.
Убактылуу 90 календардык күндүк мөөнөткө көмүрдүн баасынын
максималдуу деңгеээлин белгилөө жөнүндө Бөлүмдүн буйругун аткаруу
максатында жана көмүрдү сатууда чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан
чекене баанын максималдуу чекене баасынан ашпоо боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Кызыл-Суу айылында Кыргыз Республикасынын
“Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы жана
аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Бул иш чаранын жүрүшүндө
13 обьект камтылып, 2 жазуу түрүндө 3 оозэки эскертүүлөр берилди.



