
Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
09.07.2024Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Ысык-Көл Аврора Санатории” мамлекеттик ишканасы тарабынан ичүүчү сууга жана саркынды сууну тазалоого акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскурантын макулдашуу боюнча
10.07.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жана КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” КРнын мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу №313 токтомунун, КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин 13.05.2024-ж. № 42 сандуу буйругунун – Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүүнүн тартибинин алкагында жана КР ЭжКМ караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2024-жылдын 22-май айында №07-1/41 сандуу тапшырмасынын ылайык Талас облустук бөлүмүнүн 3 кварталга түзүлгөн иш планын негизинде Талас шаарынын борбордук базарындагы эт каналарга жана Талас шаарында жайгашкан “Султан” дүкөнүндө жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен аталган мыйзамдардын талаптарын аткаруу менен керектөөчү кандай укуктарга ээ экенин жана даярдоочу тарап керектөөчүгө кандай шарттарды түзүүгө милдеттери боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жана жогоруда аталган мыйзам менен тааныштырылды.
Андан тышкары аныкталган мыйзамга каршы келген айрым кемчиликтерди болтурбоого иш аракеттерди жүргүзүүгө чакырылды.



