
Ош облусунун Ноокат районунда нан бааларына мониторинг жүргүзүлдү
01.12.2023
Баткен облусунун көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
04.12.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования электрондук дарегине керектөөчүдөн арыз келген.
Арызга ылайык, керектөөчү “Караван” соода борборунда жайгашкан (Х….Т) аталыштагы бутиктен айымдардын көйнөгүн сатып алган. Бирок үйгө келгенде чак келбей калганын байкаган. Керектөөчү эртеси күнү сатуучуга көйнөктүн акчасын кайтарып же алмаштырып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок керектөөчүнүн талаптары канаттандырылган эмес.
Кайрылуунун негизинде (Х….Т) бутиктин жетекчилигине керектөөчүнүн алынган товарды кайтарып берүү укугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгы менен (Х….Т) бутиктин жетекчилиги сатып алынган товар үчүн төлөнгөн 13000 миң сом акча каражатын керектөөчүгө кайтарып берди.
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде товар формасы, көлөмү, фасону, түсү, өлчөмү боюнча же башка себептер менен керектөөчү тарабынан тиешелүү максаты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болбосо, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон мындай азык-түлүк эмес товарды өзү сатып алган сатуучудан алмаштырып алууга укуктуу.
Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу.


