2025-жылдын август айында акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик мекемелердин тарифтеринин прейскуранттарынын макулдашылган тизмеси
03.12.2025Баткен облусунун аймагында 2025-жылдын 3-декабры –эл аралык майыптар күнүн белгилөө жөнүндө
04.12.20252025-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмү тарабынан Талас облусунун Айтматов районундагы “Маймак”
темир жол станциясында жайгашкан көмүр сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө көмүр отунунун бааларына карата байкоо салуу
менен катар, ишкерлерге тиешелүү буйруктар тапшырылып, бааларды туура жана ачык
көрсөтүү талаптары эске салынды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын
«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн
камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын алкагында товарлардын бааларын милдеттүү
түрдө көрсөтүү жана таразалардын мезгилдүү текшерүүдөн өтүүсү боюнча түшүндүрүү
иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук
бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 29-октябрында №6 саны менен «Талас облусу боюнча
көмүрдүн максималдуу бааларын белгилөө жөнүндө» буйрук кабыл алынган.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкү баалар аныкталды:
– Маймак темир жол станциясында:
- импорттук көмүр (Шабыркүл)– 1 тоннасы 7300- сом,
- импорттук көмүр (Кара-жыра)– 1 тоннасы 7000- сом.
– Талас шаарынын социалдык көмүр базасында: - жергиликтүү көмүр – 1 тоннасы 6500–6700 сом;
- импорттук көмүр – 1 тоннасы 8800–9000 сом.
– Башка көмүр базаларында: - жергиликтүү көмүр (таңгактоо кызматы менен) – 1 кг 6,8–7,8 сом;
- импорттук көмүр (Кара-Жыра, Шабыркүл) – 1 кг 9,0–10,4 сом.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн баалары боюнча мониторинг
иштерин улантып, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы көзөмөлдү мындан
ары да күчөтөрүн билдирет.

