Экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүңсатуу бааларын белгилөө жөнүндө
01.12.2025Отуз-Адыр аймагында эт жана көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
01.12.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 27-ноябрында Ош облусунун Өзгөн
районунун Өзгөн шаарында, шаардык мэриянын, салык кызматынын жана тиешелүү
мамлекеттик мекемелердин адистери менен биргеликте Өзгөн шаарында сатылып
жаткан эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) жана көмүрдүн белгиленген
чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, Өзгөн шаарынын аймагында көмүрдүн
белгиленген максималдуу чекене баасынан жогору сатып жаткандыгы үчүн 1 көмүр
сатуучуга, ал эми сатылып жаткан көмүрдүн белгиленген бааларын керектөөчүлөр
үчүн көрүнүктүү жерге илбегендиги үчүн 1 көмүр сатуучуга айып пулдар салынды.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт жана көмүр сатуучуларга эттин менен
көмүрдүн белгиленген баасынан жогору сатпоо жана керектөөчүлөр үчүн сатылып
жаткан эттин белгиленген бааларын көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

