Өзгөн шаарында эт жана көмүр баалары боюнча мониторинг жүргүзүлдү
01.12.2025Ысык- Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Чолпон-Ата шаарында эт сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштүү
02.12.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери тарабынан 2025-жылдын 27-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу
районунун Отуз-Адыр айыл аймагында, айыл өкмөттүн, салык кызматынын жана
тиешелүү мамлекеттик мекемелердин адистери менен биргеликте Кара-Суу
районунун Отуз-Адыр айыл аймагында сатылып жаткан эттин (уй жана кой эти, сулп
этинен башкасы) жана көмүрдүн белгиленген чекене бааларына мониторинг
жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл
аймагында көмүрдүн белгиленген максималдуу чекене баасынан жогору сатып
жаткандыгы үчүн 1 көмүр сатуучуга айып пул салынды.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт жана көмүр сатуучуларга эттин менен
көмүрдүн белгиленген баасынан жогору сатпоо жана керектөөчүлөр үчүн сатылып
жаткан эттин белгиленген бааларын көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

