Кадамжай шаарында социалдык жактан маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
24.10.2025Ош облусунда эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү
27.10.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери,
Кадамжай шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте 2025-жылдын 23-
октябрында Кадамжай шаары жана Кадамжай районуна караштуу көмүр сатуучу түйүндөрүнө
мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн 2025-жылдын 09-октябрындагы №51 буйруну аткаруу максатында Баткен
облусунун аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли
белгиленген бааларын көмөлдөөдө, көмүр сатуучу жайдагы көмүр сатуучу жеке ишкерлер
арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда көмүрдүн максималдуу деңгээли Кадамжай шаары жана
Кадамжай районуна караштуу айыл аймактарында Сүлүктү көмүрүнүн “БР” маркасы
тангакталганы 1 кг. 10,50 сомдон жана 1 тоннасы 10 000 сомдон сатылып жаткандыгы анык
болду, ишкерлерге күз-кыш мезгилинде мамлекет тарабынан көмүрдүн баасына жөнгө
салынган боюнча туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

