Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын бааларын макулдашуу жөнүндө
24.10.2025Кадамжай шаары жана Кадамжай районуна караштуу көмүр сатуучу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
24.10.20252025-жылдын 23-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Кадамжай шаарынын мэриясынын
кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай шаарындагы соода түйүндөрүнө социалдык
жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча баалары төмөнкүчө:
- 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.32,00-38,00 сом;
- 2-сорттогоу буудай уну (жергиликтүү) 1 кг.27.00-28 сом;
- Уй эти 1 кг. 670,00 сом;
- Кой эти 1 кг.680,00 сом;
- Күрүч 1 кг.90,00-120,00 сом;
- Кум шекер 1 кг 85,00-90,00 сом;
- Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1 л.150,00-160,00 сом;
- Жумуртка 10 даанасы 90,00-100,00 сом;
- Картофель1 кг.45-50 сом;
- Сабиз 1 кг. 50-60 сом;
- Пияз 1 кг. 33-35 сом;
- Цемент 1 кг.7,00-7,50 сом;
-Сулүктү көмүрүнүн БР маркасы таңгакталганы 1 кг 10,50 сом
Мониторинг учурунда жалпысынан жогоруда көрсөтүлгөн товарлардын баалары
туруктуу таңкыстык жок экендиги байкалып, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык
жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын нормаларынын ишке ашыруунун алкагында сатуучу
ишкерлерге бааларды туруктуу кармоо, негизсиз жогорулатууга жол бербөө тууралуу
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

