«Азиз» базарындагы жана «Азия» супермаркеттериндеги эт павильондору жана этти (сөөксүздөн башка уй жана кой эти) сатуу түйүндөрү боюнча мониторинг жүргүзүлдү
21.08.2025Кызматтын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүү жөнүндө
21.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн милициянын лейтенанты жана Талас шаарынын Мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте 2025-жылдын 20-21-август күнү Талас шаарында эт (кой жана уй) сатуулуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө этке максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндөгү буйрук боюнча маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында эттин баасы төмөндөгүдөй: Уй эти 1 кг баасы 600-630 сом; Кой эти 1 кг 660 сомдон.
Ал эми касап каналарда уй этинин баасы ички эттери менен кошо 480-500 сомго чейин сатылууда.
Мындан сырткары Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде –
“товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкерлерге көрсөтмө берилди.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү 2025-жылдын 14-августунда №3 сандуу “Талас облусунун аймагында мал эттерине уй жана кой этине (сулп этинен башкасы) болгон бааларынын максималдык бааларын белгилөө жөнүндө” – буйругу кабыл алынган. Аталган буйрукта Талас облусунун аймагында калкка сатылуучу эттин чекене баалары көргөзүлгөн.

