Чолпон-Ата шаарындагы тейлөө аймактарында POS-терминалдарды орнотуу зарылдыгы боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
01.07.2025Кароонун жүрүшүндө “Бишкек Петролеум» май куюуучу жайынын башчысына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так жана туура сактоо боюнча эскертме берилди
02.07.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан Талас шаарында жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз
Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг иш-чарасы жүргүзүлдү.
Мониторингдин негизги максаты – ишкерлерге мыйзамдын талаптарын жеткиликтүү түшүндүрүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү жайларда мыйзам талаптары толук сакталбай жаткандыгы аныкталды:
– Талас шаары, К. Нуржанов көчөсү №48 дарегинде жайгашкан “Asman” сүрөтканасы;
– Талас шаары, Манас көчөсү №124 дарегинде жайгашкан “Престиж” сулуулук
салону.
Бул жайларда Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктунун талаптары толук көлөмдө аткарылбай жатканы белгиленди. Тактап айтканда, жарнама мазмунунда мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча
милдеттүү талаптар аткарылган эмес. Андайтан аныкталган мыйзам бузуулар боюнча ишкерлерге мыйзамдын тиешелүү нормалары түшүндүрүлүп, мыйзам талаптарын сактоону камсыздоо үчүн оозеки эскертүүлөр берилди.
Белгилей кетчү жагдай, мындай алдын алуучу түшүндүрүү жана көзөмөл ишчаралары туруктуу негизде жүргүзүлөт. Бул иштердин алкагында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү Талас облусундагы жарнама
жайылтуучу субъекттер менен тыгыз байланышта болуп, мыйзам талаптарын сактоо боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп келүүдө.

