КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
10-декабрындагы № 300 токтомунун
редакциясына ылайык.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмүнүн статусунда иштеген, мамлекеттик монополияга каршы саясатты ишке ашыруучу жана отун-энергетикалык комплексинен тышкары, экономиканын бардык тармактарында мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салууну, атаандаштыкты коргоону жана өнүктүрүүнү, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кызмат өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомдоштук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
6. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана казыналык системасында эсептери бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы”;
– расмий тилде: “Служба антимонопольного регулирования при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики”.
8. Кызматтын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: “МКЖСК”;
– расмий тилде: “САР”.
9. Кызматтын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 7Б/1.
2. Кызматтын максаттары
10. Кызматтын ишинин максаттары атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик монополияга каршы саясатты жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы саясатты ишке ашыруу болуп эсептелет.
3. Кызматтын негизги милдеттери
11. Кызматтын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо;
2) монополиялык иштин жана ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алуу, чектөө, бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашыруу;
3) керектөөчүлөрдүн жана табигый монополиялардын субъекттеринин кызыкчылыктарынын балансына жетүүнү, керектөөчүлөр үчүн алар саткан товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жеткиликтүүлүгүн жана бааны жөнгө салууну камсыз кылуу;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын мамлекеттик коргоо;
5) жарнаманын керектөөчүлөрүн мамлекеттик коргоо;
6) өлчөөлөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын кесепеттеринен мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо;
7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Мамлекеттик гербин даярдоодо, сатууда жана пайдаланууда техникалык өзгөчөлүктөрүнүн талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматтын функциялары
12. Кызмат өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
– отун-энергетикалык комплексинен тышкары, экономиканын бардык тармактарында бирдиктүү мамлекеттик монополияга каршы, баа саясатын ишке ашырат;
– монополияга каршы мыйзамдарды, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө, бааларды (тарифтерди) түзүү жана колдонуу тартибин өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга катышат;
– Кызматтын компетенциясына кирген маселелерге тиешелүү болгон мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча корутундуларды даярдайт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товардык рыноктордо атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюу боюнча сунуштарды киргизет;
– товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү рынокторунда атаандаштык чөйрөнүн абалына талдоо жүргүзөт;
– монополиялык иштин жана ак ниет эмес атаандаштыктын пайда болушунан, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты чектөөгө багытталган актыларынан жана иш-аракеттеринен (аракетсиздигинен) чарбалык субъекттердин жана жарандардын укуктарын коргойт;
– Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) ишинин багыттарына байланышкан жана Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча Евразия экономикалык комиссиясы (мындан ары – ЕЭК) менен өз ара аракеттенет;
– товардык рыноктордогу бааларга үзгүлтүксүз байкоо (бааларга мониторинг) жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына мониторинг жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
– табигый монополиялардын субъекттеринин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттердин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык табигый монополиялардын субъекттеринин ишин жөнгө салуунун түрлөрүн жана методдорун аныктайт;
– отун-энергетикалык комплексинин субъекттеринен тышкары, табигый монополиялардын субъекттеринин ишин мамлекеттик жөнгө салат;
– эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин (алардын бирикмелеринин) пайда болуусуна, уставдык капиталдагы акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында каралган башка бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга алып келе турган болсо, чарбалык субъекттердин, мамлекеттик жапа муниципалдык ишканалардын кайра түзүү (бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү) жөнүндө өтүнүчтөрүн карайт жана алар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат;
– Кыргыз Республикасынын табигый монополиялар жөнүндө мыйзамдарында каралган иш-аракеттерди жасоого макулдук берүү жөнүндө табигый монополиялардын субъекттеринин өтүнүчтөрүн карайт;
– эсепке алуу саясатын, табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларын (жумуштарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн) жеткирүүгө (сатып алууга) контракттардын формаларын, негизги каражаттарын кайра баалоону жана табигый монополиялардын субъекттеринин жөнгө салынуучу товарларынын (жумуштарынын, кызмат көрсөтүүлөрүн) түрлөрү боюнча кирешелердин, чыгымдардын жана тартылган активдердин өзүнчө эсебин жүргүзүү методикасын макулдашат;
– билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтерди (бааларды) белгиленген тартипте макулдашат;
– аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү уруксат документтеринин наркын белгиленген тартипте макулдашат;
– менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жөнүндө мыйзамдарын сактабоого карата, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз иштери жана Кызматтын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча даттанууларын жана арыздарын карайт;
– макулдашууга жетүү ниети бар чарбалык субъекттердин кагаз жүзүндө түзүлгөн макулдашуусунун долбоорунун “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
– мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча бузууларды токтотуу жана алардын кесепетин жоюу жөнүндө аткаруу үчүн милдеттүү болгон чечимдерди (жазма буйруктарды, эскертме, эскертүү ж.б.) берет;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын жетекчилерине, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга айыптарды жана экономикалык санкцияларды салуу, өндүрүү, колдонуу тууралуу чечимди (токтомду) белгиленген тартипте кабыл алат;
– үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъект монополиялык ишти системалуу түрдө жүргүзгөн учурда мажбурлап бөлүштүрүү (бөлүү) жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алат;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт, анын ичинде:
үстөмдүк абалды ээлеген, өзүнүн натыйжасы менен атаандаштыкты чектеген жана (же) башка чарбалык субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыгын басмырлаган же болбосо чектей жана (же) басмырлай алган чарбалык субъекттердин (жактардын топтору) иш-аракетине;
атаандаштыкты чектеген чарбалык субъекттердин атаандаштыкка каршы макулдашууларына (макулдашылган иш-аракеттерине);
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган актыларына жана иш-аракеттерине (аракетсиздигине);
товарларды сатып алууга коюлган монополияга каршы талаптарга;
чарбалык субъекттерди (алардын бирикмелерин) кайра түзүүгө (бириктирүүгө, кошууга, өзгөртүп түзүүгө); табигый монополиялардын субъекттерин жоюуга; мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды бириктирүүгө, кошууга жана жоюуга, эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбалык субъекттин пайда болуусуна алып келе турган болсо;
чарбалык субъекттердин уставдык капиталындагы акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда жана башка учурларда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышына;
– табигый монополиялардын субъекттеринин ишине мамлекеттик контроль жүргүзөт, анын ичинде:
табигый монополиялардын субъекттеринин сатып алууларды жүргүзүүсүнө;
табигый монополиялардын субъекттеринин бүтүмдөрүнө жана инвестицияларына, чарбалык субъекттердин уставдык капиталына акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда;
табигый монополиялардын субъекттеринин жана алардын кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн ортосундагы келишимдердин шарттарына;
– Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди, ошондой эле бааларды (тарифтерди) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын карайт;
– өз компетенциясынын чегинде жарнама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырат;
– мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) жөнгө салынуучу тарифтерди (бааларды) түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын контролдойт;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча, ошондой эле чарбалык субъекттердин, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин бааларды (тарифтерди) түзүүсүнүн жана колдонуусунун тууралыгына белгиленген тартипте текшерүүлөрдү жүргүзөт;
– Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген атаандаштыктын жалпы эрежелеринин сакталышын Кыргыз Республикасынын аймагында контролдойт;
– атаандаштыкка карата терс таасирин аныктоо, атаандаштыктын абалын талдоо жана транс чек аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоо боюнча ЕЭК менен өз ара аракеттенет;
– мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү төмөнкүлөргө жүргүзөт:
өлчөө каражаттарынын, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнүн чыгарылышына, абалына жана колдонулушуна, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө, мамлекеттик жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого, төмөнкү учурларда жүргүзүлүүчү өлчөөлөр үчүн:
– саламаттык сактоо, ветеринария жаатындагы ишти жүргүзүүдө;
– айлана-чөйрөнү коргоо, транспорттун кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында ишти жүргүзүүдө;
– коопсуз шарттарды жана эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча жумуштарды аткарууда;
– өндүрүүчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосундагы соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, анын ичинде:
соода операцияларынын жүрүшүндө четтетилген товарлардын саны үчүн, массанын, көлөмдүн, керектөөнүн же башка өлчөмдөрдүн иш жүзүндөгү наркын жана ушул товарлардын сатылган суммасынын шайкештигин аныктоо үчүн;
таңгактоо, сатуу жана импорттоо учурунда таңгактын ар кандай түрдөгү таңгакка салынган товарлардын саны үчүн, таңгактын ичиндегисин аны ачуу же деформациялоосуз өзгөртүү мүмкүн болбогон учурларда, ал эми массасы, көлөмү, узундугу, аянты же товардын таңгагында камтылган анын көлөмүн көрсөтүүчү башка өлчөмдөрү таңгакта көрсөтүлгөн;
– почта кызматтарын көрсөтүү жана көрсөтүлгөн электр байланыш кызматтарынын көлөмүн эсепке алууда (туташуу узактыгы жана трафиктин көлөмү);
– техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүдө, анын ичинде:
метрологиялык көзөмөлдү жүргүзүү боюнча ишти уюштурууну пландайт;
министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү юридикалык жана жеке жактардын метрологиялык кызматтарынын ченемдердин бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу бөлүгүндөгү ишине көзөмөл жана талдоо жүргүзөт;
текшерүүнүн натыйжалары боюнча өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуунун кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт;
мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү, бирок ушул тизмеге кирбеген өлчөө каражаттарын милдеттүү түрдө текшерүүгө жаткан жумушчу өлчөө каражаттарынын номенклатуралык тизмесине киргизүү жөнүндө сунуш берет;
укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана керектөөчүлөрдү коргоо коомдорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен дүң жана чекене соода түйүндөрүндө биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзөт;
мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт:
– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербин даярдоодо, сатууда жана пайдаланууда техникалык өзгөчөлүктөрүнүн талаптарын сактоого;
– продукцияларды сертификаттоо боюнча органдарга;
– өлчөө каражаттарынын жана стандарттуу үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тууралыгына;
4) колдоо функциялары;
– Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алынган чечимдер, ченемдик укуктук актылар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, жарнама жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу боюнча консультация берет жана практикалык курстарды жана семинарларды өткөрөт;
– коомдук уюмдар (ассоциациялар) менен, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
– өзүнүн иши жана кабыл алынган чечимдери тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка кабарлап турат;
– монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарды, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама, ошондой эле Кызматтын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча сунуштарды Министрлик менен макулдашуу аркылуу даярдайт;
– Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттик органдар, чет мамлекеттердин коммерциялык эмес уюмдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты ишке ашырууга катышат;
– Кызматтын ишинин процессинде топтолгон архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырат;
– Кызматтын чарбалык ишинин бухгалтердик эсепке алуусун жана финансылык отчеттуулугун жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын укуктары
13. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Министрликке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды Кызматтын компетенциясынын чегинде киргизүүгө;
2) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;
3) Кызматтын компетенциясынын чегинде доо арыздары жана арыздар менен сотторго кайрылууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузууга байланышкан иштерди кароодо сот отурумдарына катышууга;
4) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына киргизүүгө;
5) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъекттерден жана жеке жактардан өз функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде купуя жана/же коммерциялык сырды түзгөн маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузуу жөнүндө арыздарды кароодо, экономикалык топтолууга жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө мамлекеттик контролду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабай чарбалык субъекттерге жана алардын бирикмелерине (кызматтык күбөлүктү жана Кызматтын төрагасынын чечимин көрсөтүү менен) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүнө;
7) табигый монополиялардын субъекттеринин чарба иштери жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндөгү суроо-талаптын негизинде мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле табигый монополиялардын субъекттеринен алууга;
8) объекттердин менчигинин түрүнө карабай өлчөө каражаттары эксплуатацияланган, өндүрүлгөн, оңдолгон, сатылган, кармалып турган же сакталып турган объекттерге барууга;
9) колдонууга берилген чоңдуктардын колдонулуучу бирдиктеринин дал келүүсүн текшерүүгө;
10) өлчөө каражаттарынын абалын жана аларды колдонуу шарттарын текшерүүгө;
11) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууну текшерүүгө;
12) соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган товарлардын санын текшерүүгө;
13) мамлекеттик метрологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн продукциялардын жана товарлардын үлгүлөрүн, ошондой эле ар кандай түрдөгү таңгакталган товарларды алууга;
14) техникалык каражаттарды пайдаланууга жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөлгө алынуучу объекттин адистерин тартууга;
15) бекитилбеген типтеги же бекитилген типке туура келбеген, ошондой эле ишенимсиз жана бузук өлчөө каражаттарын колдонууга жана чыгарууга тыюу салууга;
16) мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген өлчөө каражаттарын үзгүлтүксүз бир жолку текшерүүнү дайындоого, зарылчылык болгондо кыскартылган текшерүүнүн ортосундагы интервалды белгилөөгө;
17) өлчөөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын милдеттүү талаптарына жооп бербеген өлчөө каражаттарын жүгүртүүдөн белгиленген тартипте алып салууга;
18) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуунун улуттук системасынын катышуучуларынан өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатында зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды, документтерди жана маалыматтарды акысыз алууга;
19) өлчөө каражаттарына метрологиялык экспертиза жүргүзүү жана корутунду берүү үчүн мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын метрологиялык кызматтарынын алар менен макулдашуу аркылуу метролог адистерин тартууга;
20) белгиленген тартипте, менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө иштеген уюмдардын, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин метрологиялык кызматтарынан алардын функцияларынын аткарылышы үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга;
21) кеңешүү органдарын (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде курамы жана жобосу Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилүүчү иштин белгиленген чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
22) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу боюнча иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдарды, чет элдикти кошуп, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде белгилүү иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүүлөр менен алектенүүгө укуктуу уюмдарды тартууга;
23) Министрлик менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун, ошондой эле чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен башка документтерди иштеп чыгууга жана кол коюуга катышууга;
24) Кызматтын потенциалын күчөтүү максатында эл аралык, коомдук уюмдардын финансы каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
25) атаандаштык чөйрөсүн баалоо, баа түзүү жана базарлардагы баа кырдаалы, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама иштеринин маселелери боюнча сатуучулардын жана сатып алуучулардын арасында сурамжылоо жүргүзүүгө;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлерди кесиптик даярдоону уюштурууга, аларды кайра даярдоого, квалификациясын жогорулатууга жана стажировкага жиберүүгө;
27) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, практикалык курстарды жана семинарларды, тегерек столдорду уюштурууга;
28) ведомстволук сыйлыктарды уюштурууга жана ведомстволук сыйлыктарга сунуштоо жана сыйлоо тартибин аныктоого;
29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Кызматтын милдеттери жана жоопкерчилиги
14. Кызматтын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттерине даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
15. Кызматтын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, мыйзам менен корголуучу юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын так сактоого, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда алган маалыматтарын жалаң гана кызматтык максаттарда пайдаланууга, өз компетенциясынын чегинде жеке, коммерциялык жана мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
16. Кызмат жазуу жүзүндө келип түшкөн даттанууларды/арыздарды карап чыгууга жана чечимдерди кабыл алууга жана арыз ээлерине себептерин көрсөтүү менен өз чечими жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
17. Кызматтын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык тартиптик, мүлктүк жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
18. Кызмат жана анын кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында келип чыккан түздөн-түз жоготуулар (зыян, анын ичинде алынбай калган пайда) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга тийиш.
7. Кызматтын ишин уюштуруу
19. Кызматты Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары – министр) сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага жетектейт.
Кызматтын төрагасы министрге түздөн-түз баш иет.
20. Кызматтын төрагасынын орун басарлары болот, алар министрдин макулдугу менен Кызматтын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы төраганын орун басарларын министрдин сунуштоосу жок эле иштен бошотууга укуктуу.
Төраганын орун басарлары түздөн-түз төрагага баш ийишет жана өз иштерин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишке ашырышат.
Кызматтын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттери орун басарлардын бирине жүктөлөт.
21. Кызматтын төрагасы:
1) Кызматтын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана чет мамлекеттер менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерге кол коёт;
3) министрдин бекитүүсүнө белгиленген эмгек акы төлөө фондусунун жана штаттык санынын чегинде Кызматтын түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун киргизет;
4) төраганын орун басарларынын функциялык милдеттерин аныктайт, ошондой эле уюштуруу, кадрдык, финансы-чарбалык жана башка маселелерди чечүүдө Кызматтын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
5) Кызматтын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
6) белгиленген тартипте Кызматтын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата сыйлоо чараларын жана тартиптик жазаларын колдонот;
7) министр тарабынан берилген ыйгарым укуктардын чегинде чечимдерди кабыл алат;
8) Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди (буйруктарды, тескемелерди ж.б.) кабыл алат;
9) Кызматтын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
10) Кызматтын кызматкерлерин, ошондой эле Кызматтын тапшырмаларын аткарууга көмөктөшкөн жарандарды сыйлоо үчүн Кызматтын төш белгилерин (сыйлыктарын) белгиленген тартипте бекитет, ушул төш белгилер (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын баяндамаларын белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), Кызматтын грамоталары менен сыйлайт жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун башка түрлөрүн колдонот;
11) Кызматтын кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө маселелерди чечет;
12) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;
13) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Кызматтын каражаттарын жана мүлкүн башкарат;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
22. Кызматтын түзүмүнө борбордук аппарат жана аймактык бөлүмдөр кирет.
Кызматтын түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министр тарабынан бекитилет, ал Кызматтын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында жаңы төраганын дайындалышы Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
23. Кызматта курамына Кызматтын төрагасы, төраганын орун басарлары, Министрликтин өкүлү, ошондой эле Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген 7 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы министр тарабынан бекитилет.
Кызматтын коллегиясы жөнүндө жобо Кызматтын төрагасы тарабынан бекитилет.
24. Кызматта мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт.
25. Кызматтын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук башталышта иштеген консультациялык-байкоочу орган болуп саналган Коомдук кеңеш түзүлөт.
26. Кызмат республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен кармалат.
27. Кызмат өзүнө бекитилип берилген мүлккө карата, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
8. Корутунду жоболор
28. Кызмат өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.
29. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
30. Кызматтын иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

